Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Исанов кѳчѳсү ачылды
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Исанов кѳчѳсү Киев кѳчѳсүнѳн Токтогул кѳчѳсүнѳ чейин капиталдык оңдоодон ѳткѳрүлдү.
Аталган жерде эки катмар асфальтбетон тѳшѳлүп, жол белгилери түшүрүлдү. кѳрктѳндүрүү боюнча иштер улантылууда.
Оңдоо иштери 2016-жылдын 5-майында башталган жана оңдолгон жолдун узундугу 300 метр, туурасы – 10,5 метрди түзѳт.
Капиталдык оңдоо жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Тизмеге ылайык, 2016-жылы калаанын 49 кварталдар арасындагы жана кичи райондордун ички жолдору оңдолот.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |