ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Ленин районунун жашоочулары менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун 23-июлда №13 мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Ленин районунун жашоочулары менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ калаа башчысы Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү боюнча пландар жана ар түрдүү тармактардагы ири долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берип, суроо-жооп форматында ѳткѳрүлдү.


Мэр калаанын кичи райондорунун ички жолдоруна жана кварталдар арасындагы жолдорду капиталдык оңдоого ѳзгѳчѳ кѳңүл буруп жаткандыгын бегиледи. Ленин районунун тургундары тарабынан тышкы жарыктандыруу, ирригация, авариялык абалдагы бактарды кыйуу, газдаштыруу жана жаны конуштарды суу менен камсыз кылуу маселеси кѳтѳрүлдү.


Кийинки жумада калаа башчысы Октябрь районунун тургундары менен жолугат.