Калаанын окуучулары Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы шаардын 402 окуучусуна Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылындагы «Келечек» эмгек жана эс алуу лагеринде эс алуу уюштурду.
«Келечек» лагерине балдарды жиберүү 5 агымда өткөрүлөт: 1-агым 2016-жылдын 20июндан 30-июнга чейин, 2-агым 30-июндан 10-июлга чейин, 3-агым 10-июлдан 20-июлга чейин, 4-агым 31-июлдан 10-августка чейин жана 5-агым 10-августтан 20-августка чейин.
«Келечек» лагеринин программасына ар түрдүү иш-чаралар камтылып, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана чыгармачылыкты өз алдынча ишке ашырууга багытталган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |