ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык мэриясы жарнамалык такталардын өкүлдөрү менен жолугушту

«Бишкекбашкыархитектуранын» имаратында вице-мэр Бакытбек Дюшембиевдин жетекчилиги алдында жарнамалык такталардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун башында вице-мэр Бакытбек Дюшембиев жарнама такталарынын ээлерин такталардын алынып жатканын туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды жана  алардын ээлери үчүн жаңы иштелип жаткан жарнамалоонун заманбап форматтары сунушталарын белгиледи.


Учурда Муниципалдык менчик башкармалыгы «Бишкекбашкыархитектура» менен биргеликте жарнамалык такталарды кайрадан форматтоо тууралуу долбоордун үстүндө иштеп жатат. Долбоор жарнама менен алектенгендердин сунушун эске алуу менен бекитилет.


Өз кезегиде жолугушууга катышкандар бул демилгени колдой тургандыктарын билдиришти.


Жолугушууга Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Бишкекбашкыархитектуранын, жарнама жана ишкерлер биримдигинин өкүлдөрү жана калаанын башкы сүрөтчүсү катышты.