ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды алган бүтүрүүчүлөрдүн мектептерин сыйлады

2016-жылдын 23-июнунда Биринчи май районунун бардык мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк жана аттестаттар тапшырылды.

Үстүбүздөгү жылы райондун мектептеринен 9-классты 2 миң 273 жана 11-классты 1 миң 397 окуучу аяктады.


1 миң 397 окуучунун ичинен 30 окуучу өзгөчө үлгүдөгү аттестат алды. Анын ичинде: №29 МКГ- 7 окуучу, №6 АУВК – 6  окуучу, №24 МГ -5 окуучу.


Салттагыдай, бул жылы Биринчи май району  республика жана шаар боюнча «Алтын сертификат» жана өзгөчө үлгүдөгү аттестаттардын саны боюнча биринчи орунда. Жалпысынан республика боюнча  50 окуучу өзгөчө үлгүдөгү аттестат алды. Бишкек шаары боюнча – 33, анын ичинен 17 окуучу Биринчи май районунан, бул 51%ды түзөт.


Район башчысы Аскербек Алиев өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды алган бүтүрүүчүлөрдү, алардын мугалимдерин жана мектеп директорлорун куттуктап, мыкты жыйынтык көрсөткөндүгү үчүн №61 автордук физика-математикалык окуу комплексин, №29 мектеп-гимназия комплексин, №6 автордук окуу-тарбиялык комплексин  жана №24 мектеп гимназиясын сыйлады.