ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» МИ эс алуу күндөрү Бишкектеги авариялык абалдагы бактарды кыйуу иштерин жүргүздү

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын жумушчулары 25-26-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы 41 авариялык абалда деп таанылган бактарды кыйды.

Ленин районунда Жунусалиев көчөсү Гагарин көчөсүнөн Алтымышев көчөсүнө чейин жана Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги 7 авариялык абалдагы бак кыйылды.
Октябрь районунда  Юнусалиев көчөсү Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин  жана Малдыбаев көчөсү боюнча Донецкий көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейин 9 авариялык абалда деп таанылган дарак кыйылды.


Биринчи май районунда Москва көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Эркиндик бульвары боюнча Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин 10 авариялык абалдагы бак кыйылды.


Ал эми Свердлов районунда Ауэзов көчөсү боюнча «Чынар» базарынын айланасы, ошондой эле Шопоков көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин 15 авариялык абалда деп таанылган дарак алынып  салынды.


«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын агрономдору кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузууну пландоодо.


Мэрия таштанды чыгаруу, авариялык абалдагы дарактарды кыркуу жана жолдун аң-чөнөктөрү боюнча баардык кабарларды WhatsApp тиркемеси аркылуу төмөнкү номерлерге жөнөтүүгө болорун эскертет:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) - 0557 99-79-27;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) - 0777 55-22-11;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) - 0558 33-66-40;

Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов району) - 0773 56-73-70.