ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте тротуардын курулушуна тоскоол болгон мыйзамсыз дубалдар түрттүрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти  тарабынан Астраханская көчөсүн инвентаризациялоодо тротуардын курулушуна тоскоол болгон объектилер аныкталып, буздурулду.

Астраханская көчөсү №3 дарегинин ээси Федоренко С.В. жана Астраханская көчөсү №5 дарегинин жашоочусу Нуралиев У.Б.  көчө тарабынан жер тилкелерин кеңейтип, шлакоблоктон дубал куруп алышкан.


Суванбердиев көчөсү №83 дарегинин ээси Сыдыков Х. бышкан кирпичтен 14х2,2 м өлчөмүндөгү дубал куруп, жер тилкесин кеңейтип алган.


Түрттүрүү Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 30-декабрындагы № 263 "2016-2017-жылдарга карата Бишкек шаарынын квартал аралык жана ички кичи райондук жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо программасы жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.