Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаарды кыдырып, базарларды текшерди
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 25-июнда шаарды кыдырды. Кыдыруу учурунда калаа башчысы "Дыйкан" жана "Чынар" базарларында болуп, шаардык кызматтардын жумуштарын текшерди.
Ошондой эле Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөдө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери жана эки күн мурун Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде күйүп кеткен көп кабаттуу үйгө барып, абал менен таанышты.
Кыдырууга шаардык кызматтардын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр райондун акимдерине базарлардагы башаламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюуну, Жол башкармалыгына оңдоп-түзөө иштерин создуктурбоону тапшырды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |