ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калаадагы транспорт маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Шаар  башчысы Албек Ибраимов 22-июнда калаадагы транспорт маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын башында вице-мэр Геннадий Милицкий күн сайын каттамга 105-110 автобус чыгарын жана оңдоодо 30 автобус бар экенин билдирди. Учурда Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын базасында оңдоого жараксыз 192 автобус бар.


Муниципалитет башчысы Геннадий Милицкийге «автобустардын мазарын» жок кылууну, оңдоого тийиштүүлөрүнүн санын чыгарып, керектелүүчү каражатты эсептеп, газ менен иштеген коомдук транспорт сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн табууну тапшырды.


Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыковго Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына жана Шаардык транспорт башкармалыгына аудит жүргүзүүнү тапшырды.