ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ Ленин районунун санитардык абалын текшерди

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Ленин районунун санитардык абалын текшерип, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

СЭИ инспекторлору «Ала-Тоо» конушу Ала-Тоо көчөсү 79 үйүнүн жашоочулары курулуш таштандыларын жана тамак-аш калдыктары арыкка жана газондук бөлүккө таштагандыгын аныкталды.


Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас проспектиси 30 дарегинде жайгашкан «Кыргыз алтын» ААК айланасына курулуш таштандылары чогултулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ Инспекторлору тарабынан 79 үйүнүн жашоочусунун жана «Кыргызы алтын» ААК жетекчилигинин атына Кыргыз Республикасынын «»Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.