ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы унаа токтотуучу жайларды көрктөндүрүү жана уюштуруу боюнча иштерди алып барууда

Бишкек шаарынын мэриясы унаа токтотмолорду көрктөндүрүү жана уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

18-июнда КР президентинин кеңешичиси Калыкбек Султанов, Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда унаа токтотмолорду кыдыруу өткөрүлдү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө унаа жолдорунун жээгиндеги ирригация, жээк таштары каралды. Унаа токтотуу үчүн жолду кеңейтүү маселелери талкууланды.


Кыдыруунун соңунда түзүмдүк бөлүмдөргө унаа жолдорду кеңейтүү үчүн мүмкүн болгон варианттарды сунуштоо жана талкуулоо тапшырылды.