ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жылуулук түйүндөрүн оңдоого байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 20-июндан тартып Тыныстанов көчөсү Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жол  кыймылы жабылат.
Жол кыймылына чектөө киргизүү "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы оңдоо иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу.

Ошондой эле Карасаев көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Бектенов көчөсүнө чейин жана Павлов менен Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы Рыскулов көчөсү да жабылат. Аткаруу иштерин «Кайнар» ЖАК жүргүзүүдө.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алуусун суранат.