ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жылуулук түйүндөрүн оңдоого байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат

Шопен көчөсү № 72/1 турак үйүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин жылуулук түйүнүн  оңдоо иштерине байланыштуу августь айынын аягына чейин жол кыймылы жабылат.
Оңдоо иштерин бөдрөтчү «Профит-Экспресс» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, кыймыл төмөнкү көчөлөрдө жабылат:


 - Калык Акиев көчөсү Рыскулов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин. Иш аткаруучу – «Бишкек курулуш» ААК;


  - Юнусалиев көчөсү жана 7-кичи райондогу №173 үйдүн жанындагы ички жол. Иш аткаруучу - "Профит-Экспресс" ЖЧКсы.


Ошондой эле июнь айынын соңуна чейин Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн тартып Чокморов көчөсүнө чейинки аралыгы. Иш аткаруучу- "Профит-Экспресс" ЖЧКсы.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана  айдоочулардан жол тыгынына кабылбоосу үчүн алдын ала альтернатиыдүү жол тандап алуусун суранат.