ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Китеп кербени» акциясы өткөрүлдү

«Ак-Бата» конушунун №25 китепканасында ири масштабдуу «Китеп кербени» акциясы өткөрүлдү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу Борборлоштурулган китепканалар тармагы жана КР АКШ Элчилигинин өнөктөштүгү менен К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы уюштурду.


Акция «Тарых жана маданият жылына» жана Кыргызстан жана АКШнын кызматташуусунун 25-жылдыгына арналды.


Акциянын максаты Кыргызстандын балдар жана жаштарына ар тараптуу билим берүү, окурмандарды китепканага болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.


Аталган иш-чаранын алкагында «Бирге окуйбуз», «Поле чудес», «Чет өлкөдө билим алуу», «Веселые старты», «Америка борборунун»  колдонмолору аянтчалары уюштурулду. Катышуучулар үчүн ар түрдүү конкурстар жана спорттук мелдештер өткөрүлдү.