ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» МИ калаадагы көчөттөрдү сугаруу иштерин жүргүзүүдө

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаары боюнча көчөттөрдү сугаруу иштерин жүргүзүүдө.

Бул жылы Бишкек шаарынын мэриясы Аламүдүн районуун суу чарба башкармалыгы менен бул жайда секундасына 4,5 миң литр суу алуу үчүн келишим түзгөн. Ишкананын кызматкерлери сугаруунун ар түрдүү– автосугаруу, кол менен, арык аркылуу сугаруу ыкмаларын колдонууда.


14-июнга караган түнү Пушкин, Фрунзе, А.Токомбаев, Жибек-Жолу, Ахунбаев, Малдыбаев көчөлөрүндөгү бир жылдык гүлдөр,  жандуу кашалар, көчөттөр, газондор сугарылды.


Учурда Чолпон-Ата, Байтик Баатыр көчөлөрүндө, Чүй проспектиси, Аламүдүн – 1 кичи районунда, «Театралдык» гүл багында арык менен сугаруу иштери жүргүзүлүүдө. «Ата-Түрк» сейил багындагы көчөттөрдү сугаруу үчүн «Жогорку транзит» каналынан сугат суусу бериле баштады.


Сугат иштерине 5 каттамдан 6 унаа тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын ирригацияларга таштанды таштабоого чакырат.