ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жаш каганат» шаардык ансамбли Алматыда өткөн «Бозторгай - 2016» эл аралык сынагынын баш байгесин жеңип алды

Шаардык маданият башкармалыгынын "Жаш канат" бийчилер тобу 2016-жылдын 28-майынан 2-июнуна чейин Казакстандын Алматы шаарында өткөн XVIII эл аралык "Бозторгай-2016" сынагынын баш байгесин жеңип алды.

Сынакка Казакстандын булуң-бурчунан, жакынкы жана алыскы мамлекеттерден 1500 таланттуу балдар катышты.


Таланттуулардын өнөрүн  Роза Рымбаева,  Болат Аюханов, Бибигүл Тулегенова баштаган улуу таланттардан турган калыстар тобу баалады.


Шералиев атындагы балдар мектебинин «Жаш каганат» ансамбли сынакта  "Майрам шаңы" кыргыз элдик бийин жана индиялыктардын "Кара пил" аттуу бийлерин аткарып, жогорку баага татыктуу болушту.