ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ шаар ичиндеги таштандыларды чогултуу үчүн 32 атайын унааны тапшыруу аземи өткөрүлдү

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында Европа биримдигинин делегациясы жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан шаар ичиндеги таштандыларды чогултуу үчүн 32 атайын унааны тапшыруу аземи болуп өттү.

Тапшыруу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Кыргызстандагы Европалык биримдигинин делегациясынын башчысы Чезаре де Монтис, КР ЕБ өкүлчүлүгүнүн ыкчам бөлүмүнүн жетекчиси Йоханс Стэнбек Мэдсен, ЕРӨБ Борбор Азия жана Россия боюнча улук  банкири Катарина Бьерлин Хансен жана РБА (ЕРӨБ) улук банкири Таалай Асылбеков катышты.

Калаа башчысы өзүнүн сөзүндө учурда  Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен кредиттик келишимдин, ошондой эле Европалик биримдик менен «Бишкек шаарындагы кургак тиричилик калдыктарын башкаруу»  гранттык келишиминин алкагында жүргүзүлүп жаткан  «Фазы А» долбоору ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

«11, 12 кичи райондордогу контейнердик аянттардын курулушу жана 1,1 куб метр өлчөмдөгү 1 миң 769 евроконтейнерди жеткирүү боюнча долбоор ишке ашырыла баштады. Азыр 28 бирдик таштанды ташуучу, 1 мультилифт таштанды ташуучу унаа жана 3 айкалышкан жол унаасын «Тазалык» муниципалдык ишканасына тапшырабыз. Эми шаарды тазалоодо бул унаалар шаардык кызматтарга чоң жардам берет. Алдыда дагы таштанды иргөөчү заводу куруу, эски таштанды полигонун рекультивациялоо жана башка долбоорлор бар»,-деди Албек Ибраимов.

Буга чейин 2016-жылы январь айында "Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын башкаруу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында орусиялык "Мценск" коммуналдык унаа чыгаруучу заводу менен Бишкек шаарынын мэриясынын Менчик муниципалдык башкармалыгы 29 таштанды ташуучу унаа алып келүү боюнча жана  "Рост-Трейд-Компани" компаниясы менен 3 айкалышкан жол унаасын алып келүү келишими түзүлгөн.