ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 31-майдан 5-июнга чейин Тынчтык – Чыңгыз Айтматов проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен КР Мамлекеттик резиденциясына чейин тышкы жарыктандыруусун толугу менен оңдоду.

Оңдоо иштерине 8 атайын унаа 3 кишиден 8 бригада тартылды. Бардыгы 1 миң чырак орнотулду. Анын ичинде Жибек-Жолу проспектиси Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин чырактар орнотулду.


Ошондой эле «Кыргызтелеком» ААК жетекчилиги тарабынан Башкы почтамтын алдында жайгашкан оргуманы иштетилди. Оргума комплекси 1986-жылы курулган.

Капиталдык оңдоо 2000-2001-жылдары жүргүзүлүп, түтүктөрү алмаштырылган. 2016-жылы периметри боюнча граниттик жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Оргума жыл сайын 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дон 22:00го чейин иштейт.