Бишкек шаарынын мэриясы Аламүдүн суусундагы көпүрө оңдоодон кийин ачылгандыгын билдирет
- Подробности
- Опубликовано 06.06.2016 11:59
Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Чүй проспектисиндеги Аламүдүн сусунун үстүнөн өткөн көпүрө оңдоодон кийин ачылды.
Көпүрөнү кайрадан куруу иштери 2015-жылдын сентябрь айында башталган. Буга чейин көпүрөнүн туурасы 15 метр болгон. Учурда алты сызыктуу жол кыймылы уюштурулуп, көпүрө 19,2 метрге чейин кеңейтилди жана тротуарды кошкондо 34 метрди түздү.
Көпүрөнү оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 33,9 млн. сом каражат бөлүнгөн.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
21.09.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |