ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда

2016-жылдын 6-7-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитинин алкагында Ленин райондук администрациясы калааны тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча иштерди улантууда.

Мамлекеттик уюмдардын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин күчү менен Ленин районунун аймагында санитардык тазалоо, куураган дарактарды кыйуу, мыйзамсыз жарнама такталарын алуу иштери жүргүзүлдү.


Саммитти жогорку деңгээлдн өткөрүү үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык администрациялары жана коммуналдык кызматтары болгон күч-аракеттерин жумшоодо.