ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акмиаты кичинекей шаар тургундарын Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Ата-Түрк сейил багында Октябрь райондук администрациясы 1 миң 500 бала үчүн Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын башысынын милдетин аткаруучу Нурбек Курманбеков катышты.


Иш-чарада «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы, асфальтка сүрөт тартуу, мастер-класстар, гүлдөр көргөзмөсү, флеш-моб жана башка кызыктуу оюндар уюштурулду.


Ошондой эле район башчысы «Эр жигит» конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктап, эстеликке белек тапшырды.


Райондук спорт комитет тарабынан шахмат, тогуз коргоол, аркан тартыш жана башка спорттук оюндар уюштурулду.


«Ата-Түрк» сейил багында бардык балдар үчүн акысыз аттракциондор иштеди.


Мындан тышкары, «Таш-Рабат» соода-оюн зоок борборунда балдар үчүн концерттик программа жана акысыз кичи-зоопарк  көрсөтүлдү жана «Космопарк» оюн-зоок борборунун кинозалында аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн 200 баласына акысыз мультфильм көрсөтүлдү.


Ошондой эле  аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн, майыптардын, пенсионерлердин балдарына материалдык жардам көрсөтүлдү.


Иш-чаралардын соңунда балдарга бал муздактар, таттуулар таратылды.