ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда Балдарды коргоо күнүнө арналган футболдук мелдеш өткөрүлдү

Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун футбол талаасында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган балдар арасында кичи-футбол өткөрүлдү.

Мелдешке райондун МАБдарынын балдар командалары, Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун балдары, райондун ИИБ жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган балдар катышты.

Жыйынтыгында биринчи орунду - №16 МАБдын  курама командасы, экинчи орунду - №15 МАБдын курама командасы жана үчүнчү орунду - №12 МАБдын курама командасы алды.

Мелдешке 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар катышып, жеңүүчүлөр район башчысы Аскербек Алиевдин атынан кубок, медаль жана  баалуу белектер менен сыйланышты.