ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы кичинекей бишкектиктерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн жана «Биздин балдар – палнетанын келечеги» айлыгынын алкагында Ленин районунун аймагында бир нече майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Ахунбаев көчөсүндөгү гүл бакта Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Марианна Шермур жана Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаевдин катышуусунда балдар оюн аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Ошондой эле Жаш Гвардия бульварында Бишкек шаардык кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевдин жана район башчысынын орун басары Ж.Мамытованын катышуусунда жаңы балдар оюн аянтчасы ачылды. Иш-чаралар концерттик программа, спорттук оюндар жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү менен коштолду.


«Арча-Бешик» конушунда концерттик программа жана спорттук оюндар менен майрамдык иш-чара өткөрүлүп, балдарга бал муздактар жана таттуулар таратылды.


№84 мектепте «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» жана «Ала-Тоо конуштарынын 500 баласы үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова катышты. Балдарга кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт көрсөтүлдү.


Абдымомунов – Темирязев көчөлөрүнүн кесилишинде «Рабаят» балдар театрынан балдарга майрам тартууланды.


Майрамдык иш-чаралардын соңунда балдарга бал муздактар жана таттуулар таратылды.