ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышты

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 1-июнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышты.

Муниципалитет башчысы «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда 600 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баланы Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.


Андан кийин Албек Ибраимов Эски аянтта чогулган бөбөктөрдү Балдарды коргоо күнү менен куттуктады.


«Сиздерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Дайыма тынчтыкта жашагыла! Жакшы окугула! Мекенибизди, шаарыбызды өнүктүрүү үчүн билим алгыла! Бүгүнкү майрам күнү ден-соолук, ийгилик, жаркын маанай каалайм!»,-деди калаа башчысы.


Ошондой эле калаа шаардын  мектептеринин окуучуларынын инновациялык долбоорлору менен таанышып, балдарга ийгиликтерди каалады.


Бишкек шаары боюнча майрамдык иш-чараларга жана социалдык жөлөкпулга 4 млн. 250 миң сом, анын ичинен Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 1 млн. 370 миң сом 3 миң ден сооулугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына бир жолку жөлөк пул бөлүндү.