ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер!

Балдарды коргоо күнүн жарым кылымдан бери жайдын алгачкы күнү белгилеп келүүдөбүз. Балдар – биздин келечегибиз, андыктан балдарыбыз үчүн камкордук көрүү бийик милдетибиз. Баарыбыз балалыктын ажайып өлкөсүнөн өскөнбүз.

Силер, кымбаттуу балдар, улуу муундун ордуна келесиңер, андыктан ата-бабалардын ыйык салттарын татыктуу уланткыла жана өз өлкөңөрдүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылгыла. Өлкөбүздүн келечеги силердин колуңарда.


Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!


Бүгүнкү иш-чаралар – балдардын татынакай майрамына арналган! Биздин шаардын ар бир кичинекей тургуну улуулардын мээримине, камкордугуна муктаж. Бүгүнкү майрам – биздин камкордуктун аз гана бөлүгү.


Балдарды коргоо күнү – мээримдүүлүктүн күнү. Биз күнөстүү Кыргызстанда жашайбыз, биздин өлкөбүздө балдарга эң маанилүү жана ардактуу орун ыйгарылат.
Ар дайым балдарыбыз бактылуу балалыкта өссүн, бактылуу балалык - келечектин татыктуу адамдарынан болушуна шарт түзөт.


Кымбаттуу балдар!


Дайыма тынчтыкта жашагыла! Жакшы окугула! Мекенибизди, шаарыбызды өнүктүрүү үчүн билим алгыла! Бүгүнкү майрам күнү ден-соолук, ийгилик, жаркын маанай каалайм!


Көптөн күткөн жайкы каникул күндөрүн башталды деп эсептейм!


Бишкек шаарынын мэри
Албек Ибраимов