Свердлов районунда «Майрамың менен, бөбөк!» акциясы өткөрүлдү
Свердлов районунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган «Майрамың менен, бөбөк!» акциясы өткөрүлдү.
Акция «Биздин балдар – палнетанын келечеги» айлыгынын алкагында өткөрүлдү. Иш-чарага 1 миң бала катышты.
Акцияны райондук администрация Балдар чыгармачылык борборунун катышуусунда уюштурду. Аталган иш-чарага «Манас» балдар-өспүрүмдөр уюмунун лидердери, Балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдери тартылды. Иш-чаранын алкагында № 124, 30, 100, 113, 35, 145, 171, 162, 172 мектепке чейинки жалпы билим берүү уюмдары камтылды.
Ар бир мектепке чейинки билим берүү уюмдарында куурчактардын, оюндардын, цирк артисттеринин көрсөтүүлөрүнүн коштоосунда майрамдык концерт өткөрүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |