ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык кызматтары футболдук мелдеш өткөрдү

 «Тазалык» муниципалдык ишканасы 28-майда футболдук мелдеш өткөрдү.

Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясынын футбол талаасында өткөрүлгөн мелдешке калаанын төрт району боюнча «Тазалык» МИ кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын аппараты, Бишкек шаардык кеңешинин аппараты жана депутаттары, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышты.


Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду – «Бишкекжарык» МИ, экинчи орунду – Ленин району боюнча «Тазалык» МИ жана үчүнчү орунду  - Октябрь району боюнча «Тазалык» МИ кызматкерлери багындырды.