ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар арыктарды тазалоо иштерин улантууда

«Жашылдандыруу» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары калаанын коллектордук-дренаждык тутумдарын жана арыктарды тазалоо иштерин улантууда.

Тазалоо иштери механикалык ыкма жана кол менен жүргүзүлүүдө. Кол менен Щербаков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана Эркиндик бульварындагы арыктар тазаланды. Аталган багыттагы иштер улантылууда. Учурда "Жашылдандыруу" ишканасынын карамагында 86,6 чакырым узундуктагы арык бар.


Бишкек шаарынын мэриясы курулш компанияларынын, соода күркөлөрүнүн жана башка чарба субъектилеринин жумушчуларын жана шаар тургундарын кызматкерлеридин эмгектерин сыйлоого чакырат жана арыктарга таштанды таштабоосун суранат.