ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун башчысы мектеп окуучуларын окуу жылынын аякташы менен куттуктады

№62 мектеп-гимназиясында Октябрь районунун башчысы Болот Алымкуловдун катышуусунда акыркы коңгуроо иш-чарасы  өткөрүлдү.

Өзүнүн сөзүндө район башчысы бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле мугалимдерге келечек муундарды тарбиялоодогу зор салымы  үчүн ыраазычылык билдирди.


Иш-чара окуучулардын чыгармачылык номерлери жана мыкты окуучуларды сыйлоо аземи менен улантылды. Иш-чаранын соңунда акыркы коңгуроо кагылды.


Октябрь районунда быйыл 1 миң 75 бүтүрүүчү мектепти аяктоодо.