ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын көчөлөрүн жакшыртуу иштерин улантууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жөө адамдар өтүүчү жолдорго сары түстөгү белгилерди түшүрүп, шаардын жолдорун оңдоодо.

Учурда Фрунзе көчөсүндө жол белгилери түшүрүлүүдө жана башка көчөлөрдө да жүргүзүлөт.


Ошондой эле ишкана шаардын көчөлөрүн оңдоодо. Учурда Исанов көчөсү Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин тротуарды оңдоо, жолду калыпка келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Оңдоо иштери транспорттук көйгөйлөрдү чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.


2016-жылы жалпысынан шаардын 44 ички жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардын жол кыймылын алдан ала тандап алуусун суранат.