ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар тургундары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Ленин районунун санитардык абалын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ш.Руставели көчөсү №105 дарегиндеги жайгашкан үйдүн айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Аталган даректе таштандылар белгиленбеген жерге чогултулуп, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан аталган даректин ээсинин атына курулуш таштандыларын чыгаруу, таштанды чогултууга жол бербөө жөнүндө эскертүүсү берилди.