ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы коллегия өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 20-майда муниципалитеттин коллегиясы өткөрүлдү.

Коллегияга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана шаардык кызматтардын башчылары катышты.


Күн тартибинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу, калаада жол кыймылын жөнгө салуу, алдыдагы 2016-2017-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыктар жөнүндө маселелер каралды.


Коллегияда калаа башчысы Албек Ибраимов мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен ишке болгон мамилени өзгөртүүнү, шаар тургундарынын көйгөйлөрүнө биринчи көңүл бурууну, шаардык кызматтар менен биргеликте иш алып барууну талап кылды.


Коллегиянын жыйынтыгында мэр «Бишкекбашкыархитектурага», мамэкотехинспекцияга, капиталдык курулуш башкармалыгына мамлекеттик мекемелердин, ооруканалардын, дүкөндөрдүн кире беришине пандустарды орнотуу жана долбоорлоону камсыздоо, Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына аз камсыздалган үйбүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо, бериле турган көмүрдүн сапаттуулугун жакшыртуу тапшырылды. Ал эми «Бишкекжылуулуктүйүнү»  ААК жана Бишкек шаарынын ЖЭБ оңдоо иштерин өткөрүү  жана 2017-жылдан тартып ысык сууну 10-июлдан 10-августка чейин өчүрүү тапшырмасы берилди.