ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү

21-майда Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.

Биринчи май районунда ишембиликке 113 уюм жана мекемеден 1300 адам катышты. Ишембилктин катышуучулары 24020кв.м. аянтты, 2110 п/м ирригацияны тазалашып, 4320 кв. м. чөп орушту.


Свердлов районунда 102 уюм, мекеме жана чарба субъектилеринен 1251 адам катышты.  35000 м2 жер, 5800 п/м арык тазаланды. 19500 м2 жердеги чөп орулуп, 134 м3 таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине 6 бирдик атайы техника тартылды. Аламүдүн суусунун жээги Чүй проспектисинен Куренкеев көчөсүнө чейин жана ЧЧКнын жээги Керимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин тазаланды.


Ошондой эле Гареев атындагы ботаникалык бакта калаа башчысы Албек Ибраимовдун катышуусунда  «Жашыл Бишкек. Ботаникалык бакчанын жандануусу» фестивалы өткөрүлдү.


Фестивалдын негизги максаты - Ботаникалык бакчадагы өсүмдүктөргө аяр мамиле жасоо жана аны көрктөндүрүү, бакчанын ичиндеги куураган өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды алмаштырууга шаар тургундарын чакыруу болуп саналат.


Фестивалдын алкагында жашылдандыруу боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле чуркоо, йога, тайцзы-цюань боюнча мастер-класстар жана сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү көрсөтүлдү.