ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан авариялык абалдагы бактар жана арыктардын бүтөлүп калгандыгы тууралуу WhatsApp колдонмосу аркылуу маалыматтарды жиберүүсүн суранат

“Тазалык” жана “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери ирригациялык тутумдарды тазалап, шаар тургундарынын арыздары боюнча авариялык абалдагы бактарды кыюу иштерин жүргүзүүдө.

Шаардык муниципалитет жаандын жаашына байланыштуу айдоочуларды унааларын бактардын алдына токтотпоосун  жана арыктарды, коллектордук-дренаждык тутумдарды таштандыга толтурбоосун суранат. Ошондой эле авариялык абалдагы бактар жана арыктардын бүтөлүп, суунун ташышы  тууралуу WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге сүрөт жана так дареги көрсөтүлгөн маалыматтарды жибере алышат.


- Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленинс району) — 0556 25-05-82;


- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0777 55-22-11;


- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;


- Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов району) — 0773 56-73-70.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирет.