Бишкекте Көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турган саат орнотулду
- Подробности
- Опубликовано 16.05.2016 10:41
Бишкектин Ала-Тоо аянтына 15-майда 2016-жылдын сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турган электрондук саат орнотулду.
Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жана Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.
Конструкциянын узундугу 3,5 метр, бийиктиги – 4,3 метр жана туурасы -1,2 метрди түзөт. Саат темирден жасалып, улуттук стилде кооздолгон.
Сааттын ачылыш аземи кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси, маданий иш-чаралар, ырчы-чоорчулардын концерти менен коштолду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |