ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Свердлов районунун баатыр энелерин «Энелер күнү» менен куттуктады

«Империал» кафесинде Свердлов районунун баатыр энелеринин урматына райондук иш-чара өткөрүлдү.

Чакырылган баатыр энелерди Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Энелер күнү» менен куттуктады.


«Дүйнөдө энеден ыйык, улуу нерсе жок. Бейиш – эненин таманын алдында деп бекеринен айтылган эмес. Эне – үй-бүлөнүн куту, берекеси, шам чырагы. Өмүрдүн башаты.  Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, жарык маанай каалаймын»,-деди калаа башчысы.


Ошондой эле Албек Ибраимов чакырылган айымдарга гүл жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.


Свердлов районуну каттосунда «Баатыр эне» медалы менен сыйланган 126 эне жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланган 39 эне турат.