ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун администрациясы төрт эм жашаган үйбүлөгө барышты

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов төрт эм жашаган көп балалуу үйбүлөгө барды.

Болот Алымкулов балдардын жашоо шарттары менен таанышып, аларга белек жана материалдык жардам тапшырды.


Октябрь районунда 2013-жылы жана 2015-жылы төрт эмден төрөлгөн эки үйбүлө жашайт.


2013-жылы Денис Краснов жана  Виола Шелихованын үйбүлөсүндө төрт эм эки кыз, эки эркек - Владислав, Лев, Диана жана Милана  төрөлгөн.  Мамлекет тарабынан аларга бир бөлмөлүү үй жана унаа белек кылынган. Август айында балдар үч жашка толот жана алардын ата-энелери бала бакчага берүүнү ойлонуп жатышат.


Ал эми Нурлан Зарнаев менен Гүлайым Абдылдаеванын үйбүлөсүндө өткөн жылдын апрель айында төрт эм төрөлгөн.  Мамлекет тарабынан Тунгуч кичи районунан үч бөлмөлүү үй берилген. Бактылуу үйбүлө балдарына Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана  Камчыбек ысымдарын коюшкан. Үйбүлөдө төрт эмге чейин үч уулу бар. Учурда балдардын энеси «Баатыр эне» медалын алуу үчүн документтерди топтоодо.