ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин кварталдарынын жана кичи райондорунун ички жолдору оңдолот

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын кварталдарынын жана кичи райондорунун ички жолдорун капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Учурда Исанов көчөсү  Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин, Жантөшев көчөсү Байтик баатыр көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Тыныстанов көчөсү Жантөшев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкелери оңдоолууда. Аталган көчөлөрдө асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол кыймылын  25-майга чейин ачуу пландалууда.


Аталган оңдоо иштери транспорттук көйгөйлөрдү чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында  өткөрүлүүдө жана ага шаардык бюджеттен каражат бөлүндү.


Тизмеге ылайык, 2016-жылы шаардын кварталдарынын жана кичи райондорунун 44 ички жолу оңдолот.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочулар  жол тыгынына кабылбоосу  үчүн альтернативдүү жол каттамын тандап алуусун өтүнөт.