ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Сеулдан келген делегация менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Албек Ибраимов Башкаруу боюнча комитетинин төрагасы Чой Вонгшик баштаган Сеул шаардык кеңешинин расмий делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Албек Ибраимов делегациянын борборго келгендиги үчүн  ыраазычылык билдирип, эки шаардын достук мамилесин жана бүгүнкү күндө бир тууган шаарлар экендигин белгиледи.


Кезегинде делегациянын башчысы уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, тыгыз кызматташуусуна ишенерин белгиледи.


Андан кийин жолугушуунун катышуучуларына Бишкек шаарынын мэриясы тууралуу кыскача презентация өткөрүлдү.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков, вице-мэрлер Бакытбек Дюшембиев, Айгүл Рыскулова, Эркин Исаков жана Геннадий Милицкий, шаарды өнүктүрүү агентинин башчысы Азамат Усубалиев жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ким Чанг Гю катышты.


Кореядан келген делегация Бишкекте 2016-жылдын 11-майынан 17-майына чейин болушат.