ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган жеңил атлетикалык чуркоо жыйынтыкталды

9-майда КР Илимдер  академиясынын Ботаникалык багында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгына арналган жеңил атлетикалык чуркоо өткөрүлдү.

Катышуучуларды Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Абдужалил Юнусов майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.


Мелдешке ар кайсы курактагы сексенден ашуун спортчу катышты.


Жыйынтыгында 500 метр аралыкта чуркоодо 1-орунду Жусуп кызы Айдана, 2-орунду Антон Рящупкин жана 3-орунду  Халип кызы Ануска багындырды.


2 миң метр чуркоодо 1-орунду Азамат уулу Темирлан, 2-орунду Екатерина Сурина жана 3-орунду Екатерина Моисенко алды.


5 миң метр аралыкта чуркоодо 1-орунга Тунук Алмазбеков, 2-орунга  Жантай Шайлообеков жана 3-орунга Бакыт Кадыршаев ээ болду.


10 миң метр аралыкка чуркоодо 1-орунду Бакыт Момуналиев, 2-орунду Роман  Асанканов жана 3-орунду Улукбек Алмазбеков багындырды.


Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом, медаль жана белектер тапшырылды.