ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары!

Бишкек шаарынын мэриясы жамгырдын жаашына байланыштуу унааларды бактардын алдына токтотпоону жана авариялык абалдагы бактар тууралуу WhatsApp колдонмосу аркылуу маалыматтарды жиберүүнү суранат.

Шаар тургундары маалыматтарды жана сүрөттөрдү төмөнкү номерлерге жибере алышат:


- Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленинс району) — 0556 25-05-82;


- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0777 55-22-11;


- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;


- Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов району) — 0773 56-73-70.

Шаардык муниципалитет шаар тургундарына авариялык дарактарды аныктоодо жардам көрсөткөндүгү жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирет.


Маалымат: Бүгүнкү күндө «Жашылдандыруу» МИ балансында 182 миң 842 жалбырактуу жана 38 миң 907 ийне жалбырактуу дарак бар. Бактардын орточо жашы – 50 жашты түзөт.