ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдыгына арналган митинг –реквием болуп өттү

Бишкекте 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдыгына арналган митинг –реквием болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун, тылдын жана эмгектин  ардагерлери, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, КР Куралдуу күчтөр башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, КР мурдагы президенти Роза Отунбаева, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.


Мамлекет башчысы өзүнүн сөзүндө 9-май баардык кыргызстандыктар үчүн эң ыйык майрамдардын бири болуп каларын белгиледи.


«Ата-бабаларыбыздын тынчтык, бейпилдик үчүн жасаган каармандыгы, кажыбас кайраты жана мекенчилдиги азыркы жана келечек муундар үчүн өчпөс өрнөк, биримдиктин жана ынтымактын жаркын символу болуп калууга тийиш. “Баатырдын өмүрү кыска, атагы узак” деген сөз бар. Дүйнө тарыхындагы эң кандуу согушта жер жазданган жана азыр да арабызда жүргөн ардагерлердин аты эч качан унутулбашы керек! Биз ардагерлерибиздин эмгегин актап, максатын улайлы. Алардын ар бир күн, ар бир мүнөт өмүрүнө кам көрүп туралы»,-деди президент.


Шаардык муниципалитет башчысы Албек Ибраимов экинчи дүйнөлүк согуш баардык мамлекеттер үчүн оор сыноо болгондугун белгиледи.


«Адамзат тарыхынын ушул кандуу барактары, бизге тынчтыкты көздүн карегиндей сактоонун чоң сабагы болду. Экинчи дүйнөлүк согуш миллиондогон күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйып, жер бетине так салды.71 жыл мурда биздин ардагерлер  колдоруна курал алып,  кан майданда Мекенибиздин эркиндигин, көз карандысыздыгын коргогон. Тынчтык жана бактылуу турмуш үчүн күрөшкөн. Ошол кандуу согуштагы элибиздин эрдиги, каармандыгы эсибизде түбөлүккө сакталат”,-деди мэр.


Андан кийин ардагерлер үчүн шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган солдаттык ботко берилди.


Ошондой эле калаа башчысы Албек Ибраимов “Өлбөс полк” акциясына катышты. Акцияга 15 миңдей адам катышты.