Бишкекте 9-майда айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет
- Подробности
- Опубликовано 07.05.2016 11:16
Калаада 9-майда эртең мененки саат 7:30 баштап «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө байланыштуу калаанын айрым көчөлөрүндө жол кыймылына чектөө киргизилет.
Төмөнкү көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет:
— Байтик-Баатыр көчөсү – Абдрахманов көчөсү. Түштүк Магистралдан Фрунзе көчөсүнө чейин
— Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин
— Раззаков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин
— Чүй проспектиси Орозбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин
— Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин
— Шопоков көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин
— Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун алдын ала жол тандап алуусун суранат.
Келе жаткан майрамыңыздар менен!
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |