ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Кыргыз радиосу» бирикмесинин 85 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 7-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Кыргыз радио» бирикмесинин 85 жылдык мааракеси белгиленди.

85 жылдык тарыхы бар «Кыргыз радио» бирикмеси мамлекеттик саясатты алып барууда, өлкөнүн бүтүндүгүн, стабилдүүлүгүн сактоого, калктын социалдык абалынын жакшырышына, жаш муундарынын улуттук менталитетте, көөнөрбөс салты менен тарбияланышына салым кошууда өзгөчө орду бар.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз радиосу» 5 радионун башын бириктирип турган чоң бирикме. Ошондой эле ар тараптуу маалыматтарды чагылдыруу менен өзгөчөлөнүп турат.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Роза Отунбаева, КР Президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев, КР биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев, Жогорку кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев, Жогорку кеңешиттин депутаттары, КР Маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.