ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Көк-Жар» конушунда жаңы бала бакча ачылды

Калаанын «Көк-Жар» конушунда №182 жаңы бала бакча ачылды.

Бала бакчанын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, вице-мэр Айгүл Рыскулова катышты.


Жаңы бала бакчанын курулушуна 89 273,7 миң сом каражат коротулду. Долбоордун кубаттуулугу 280 орунду түзөт.


Бишкек шаары боюнча баардыгы 441 мектеп жана бала бакча бар. Алардын ичинен: 95 жалпы билим берүү мектеби, 26 жеке мектеп, 82 мектепке чейинки муниципалдык уюмдар, 220 жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана 6 мектептен тышкаркы муниципалдык билим берүү уюму. Калаанын муниципалдык мектептеринде окуган окуучулардын саны 126 миң 436 баланы түзөт. Мектепке чейинки муниципалдык уюмдарда 30 миң 16 бала билим алат.