ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин Боордоштук көрүстөнүндө Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Боордоштук көрүстөнүндө  6-майда Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгына арналган эскерүү-митинги өткөрүлдү.

Өзүнүн сөзүндө калаа башчысы Албек Ибраимов боордоштук көрүстөнүнө Улуу Ата-Мекендик согушта жарадар болуп келип, курман болгон 248 кыргыздын, орустун, казактын жана башка  боордош элдердин мыкты балдары  коюлгандыгын белгиледи.


«71 жыл мурда каардуу согушта биздин, ошондой эле боордош бир туугандарыбыздын  ардагерлери  колдоруна курал алып,  кан майданда Мекенибиздин эркиндигин, көз карандысыздыгын коргошкон. Тынчтык жана бактылуу турмуш үчүн күрөшүшкөн. Ошол кандуу согуштагы жоокерлерибиздин  эрдиги, каармандыгы эсибизде түбөлүккө сакталат. Жеңиш күн -  бардык көз карандысыз мамлекеттер үчүн да чоң майрам. Биз келечек муундарыбызга жалпы оюбузду, жалпы үмүтүбүздү жана тарыхыбызды өткөрүп беришибиз керек»,-деди калаа башчысы.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько, Белорусь Республикасынын КР элчиси Виктор Денисенко, Казакстан Республикасынын КР элчиси Айымдос Бозжигитов жана Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.