ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» МИ кооптуу деп таанылган жана куураган бактарды кыйуу иштерин жүргүзүүдө

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы 2016-жылдын март-апрель айларында 2444 бакты бутап, 129 даракты кыйды.

Бактар өз маалында жана шаар тургундарынын, МАБдардын жана мекемелердин арыздарынын негизинде  кыйылууда.


2016-жылдын 18-апрелине карата маалымат боюнча  кооптуу делген 2936 бак текшерилди. Биринчи май районунда – 613, Ленин районунда – 1225, Октябрь районунда – 527, Свердлов районунда – 1571.


Бишкек шаарынын жолдорун кеңейтүүнүн алкагында Биринчи май районунан 52 дарак жана 40 авариялык абалдагы бак кыйылды.


Натыйжада  кыйылган бактар жобого ылайык  "Жашылдандыруу" муниципалдык  ишканасынын балансына өтөт. Бүгүнкү күндө мекемеде 400 куб метр кыйылган бак бар.

Кыйылган  отунду калаа башчысы Албек Ибраимов калаадагы аз камсыз үй-бүлөлөргө кышка кошумча отун катары таратып берүүнү тапшырды.