Бишкекте «Талантым сага, Кыргызстан» конкурсунун гала-концерти өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 19.04.2016 17:29
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Тарых жана маданият жылына арналган окуучулардын «Талантым сага, Кыргызстан» гала-концерти өткөрүлдү.
Концерт Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын максаты – окуучуларды руханий-адеп ахлакка тарбиялоо, эстетикалык жана чыгармачылык потеницалын өнүктүрүү болуп саналат.
Бир айдын ичинде райондук жана шаардык тандоо турлары өткөрүлүп, 86 мектеп жана райондук чыгармачылык борборлордон 3 миңден ашык окуучу катышты.
2016-жылдын 13-апрелинде №13 мектеп-гимназиясында жыйынтыктоочу шаардык туру өткөрүлдү. Ага бий топторунун, «Манас» эпосунун жаш аткаруучуларынын, комузчулар жана хор жамааттарынын жеңүүчүлөрү катышты.
Гала-концертти көрүү үчүн КР Илим жана билим министрлигинен, Бишкек шаардык кеңешинен ардактуу коноктор, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, мектептин директорлору, окуучулары жана ата-энелери катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.09.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |