ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрияда Бишкек шаарынын жаштар кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асель Пирматова Бишкектин жаштар уюму менен жолугушту.

Жолугушууда жаштардын өзүн алып жүрүү маданияты жана Жаштар кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле жаштар өзүлөрүнүн  шаарды өнүктүрүүгө арналган долбоорлорун сунушташты.


Жолугушуунун жүрүшүндө вице-мэр Айгүл Рыскулова жаштарга калааны өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


«Бишкек шаары-жаш шаар. Өлкөбүздүн бардык облустарынан келген студенттер окуйт, иштешет. Жаштар кеңешин түзүү мэрия үчүн, шаар үчүн маанилүү»,-деп белгиледи Айгүл Рыскулова.


Жолугушуунун соңунда сунушталган долбоорлорду карап чыгуу жанан анын үстүнөн биргеликте иш алып баруу чечими чыгарылды.


Аталган жолугушууга бардык райондордун социалдык маселелер боюнча акимдеринин орун басарлары, билим берүү башкармалыгы жана шаарды өнүктүрүү агенттиги катышты.