ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ калааны тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Бишкекте муниципалдык аймактык башкармалыктарынын  жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын короо шыпыргычтары калааны көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Күн сайын таңкы саат бештен баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын  көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалоо, көчөлөрдү жууп тазалоо  иштерин жүргүзөт.


Бүгүн, 19-апрелде Октябрь районунда – 98 короо шыпыргыч, Биринчи май районунда – 156 короо шыпыргыч, Свердлов районунда – 122 короо шыпыргыч жана Ленин районунда 145 короо шыпыргыч  ишке тартылды.


Эскерте кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасы бригадалык иштөө ыкмасына өткөн.